ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Арсланбап токою карып, бактарын курт жеп жатат
13.12.2023 | 15:18
Кыргызстандын ири жана уникалдуу Арсланбап жаңгак токою кейиштүү абалда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, токой бузулуу процессинде жана анын кайра калыбына келиши күмөн.
“Ооба андай коркунуч бар. Жаңгак токою карыды. Азыр жашартуу иштери жүрүп жатат. Аны күчөтүү зарыл болуп турат. Анткени токой карыган кезде түшүм азайып, ооруларга көп чалдыга баштайт”,- деп айтты токой чарбасынын директору Мираслав Аманкулов.
Нуржигит Кадырбеков мындай темп менен Кыргызстандагы токойлор 150 жылдан кийин толугу менен жок болорун белгиледи.
Депутат Таалайбек Масабиров дагы Арсланбапда жаңгактарды курт жеп жатканын айтты.
Өлкөнүн аянтынын 6 пайызын токойлор түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом