«Теракт эмес». ИИМ Түркиянын элчилигинин жанында өрттөнгөн унаа боюнча үн катты

«Теракт эмес». ИИМ Түркиянын элчилигинин жанында өрттөнгөн унаа боюнча үн катты

Ички иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында унаа өрттөнгөн окуя боюнча үн катты.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга Москва менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп жаткан унаанын видеосу тараган. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары унаа жалындап күйөрдүн алдында жарылуу болгонун жазышкан.

ИИМдин маалыматы боюнча, 29  жаштагы Б.К. аттуу жаран Mazda Demio унаасы менен Тыныстанов көчөсү менен ылдый бара жатып, «Ак-Кеме» бала бакчасынын тушунан унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтогон. Андан соң унаадан өрт чыга баштаган.

«ӨКМдин өрт өчүрүүчү унаасы келгенче, өрттү өчүрүүгө өтүп бара жаткан айдоочулар жана жарандар жардам беришкен. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Жабырлануучу жок. Белгилеп кетчү жагдай, бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Бишкектин Москва менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Түркиянын элчилигинин имараты жайгашкан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>