Ошто милиция мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белектерди тапшырды

Ошто милиция мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белектерди тапшырды

Ош облустук милициянын жетекчилиги «Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Дыйкан» ишканасына» барып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн белектерди тапшырды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белектерди тапшырып жатып облустук милициянын башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү ар бир жарандан милдети экенин белгилеген.

«Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо, юридикалык жардам көрсөтүү, алардын социалдык абалына жана ден-соолугунун жакшы болуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү, аларга кам көрүү — баарыбыздын милдетибиз. Келечекте бул ишкана мындан ары дагы өндүрүшүн өркүндөтүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын муктаждыктарын чечүүгө багытталган ишин алып барат деп ишенебиз», — деди ал.

Ишкана кездемеден тигилүүчү буюмдарды жана жыгач эмеректерди мамлекеттик буйрутма менен тендерсиз түз келишим менен жасайт. Ошондой эле сапаттуу кир самын, бут кийим үчүн булгаарыдан батектерди даярдашат. Аталган мекемеде жалпы 28 жумушчу эмгектенет, алардын 20сы мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандар.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>