«РСК Банк» менен MEGA мамлекеттик финтех экосистемасын түзүүгө старт берди
Мамлекеттик уюлдук оператор MEGA менен «РСК Банк» интеграцияланган мамлекеттик финтех экотутумун түзүү боюнча алгачкы өнөктөштүк долбоорун жарыялашты.
Биринчи GovFinTech долбоорунун алкагында кызматташуу инновациялык мобилдик-финансылык технологияларды ишке киргизүү жана банктык жана телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алдыңкы эки мамлекеттик компаниянын потенциалын бириктирүүнү көздөйт.
Стратегиялык кызматташуу
“РСК Банк” менен MEGA’нын кызматташтыгы биздин өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. 2018-2040-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана «Санариптик Кыргызстан 2019-2023″ стратегиясын ишке ашыруунун алкагында алдыңкы банктын жана уюлдук байланыш тармагындагы лидердин кызматташуусу, мамлекеттик деңгээлде санариптик трансформация боюнча комплекстүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул ошондой эле улуттук санариптик экономиканы өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге көтөрөт. Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө мурунтан эле иштеп жаткан акылдуу чечимдерди бириктирүү – бул концептуалдык өнөктөштүктүн негизги элементи.
Өлкөнүн деңгээлинде финтех экосистемаларынын көп түрдүүлүгү инновациялардын активдүү өсүшүнө дем берип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык өсүшкө алып келүүчү заманбап, эффективдүү бизнес моделдерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Сектор ошондой эле социалдык, финансылык инклюзивдүүлүккө – аз камсыздалган жана аз кирешелүү калкты экономикага кошууга таасирин тийгизет. Ошондой эле ачык-айкындуулукту жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга жана финансылык туруктуулукту чыңдоого олуттуу салым болуп саналат. Мобилдик платформалар аркылуу финансылык кызматтарга жетүүнү жөнөкөйлөтүү да чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө шарт түзөт.
MEGA мобилдик оператору керектүү жогорку технологиялык инфраструктураны камсыздайт, ал эми РСК Банк банктык экспертиза, кызмат көрсөтүү жана ресурстар түрүндө салым кошот. Өнөктөштөр биргелешип Big Data, AI жана блокчейнди өнүктүрүү максатында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатышат.
«GovFinTech MEGA жана «РСК Банк» экосистемасы – бул экономикага жана социалдык маселелерди чечүүгө, мамлекеттик санариптик экотутумду түзүүгө менен аны модернизациялоо жана глобалдык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүк үчүн экономиканын санариптик трансформациясын тездетүүгө салым”, – деп билдирди «РСК Банк» ААКнун Башкармалыгынын төрагасы Улан Ногаев.

“Биз MEGA менен өнөктөштүккө кубанычтабыз, аны биздин кардарлар үчүн артыкчылыктардын кеңири спектри менен алдыңкы технологияларды колдонуудагы жана финансылык кызматтарды санариптештирүү стратегиясын ишке ашыруудагы негизги кадамдардын бири деп эсептейбиз. Биргелешкен аракеттер менен биз, чогу финтех секторун өнүктүрүүнү олуттуу тездетүүгө жана өлкөнүн финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жетишебиз. MEGA менен Mega долбоорлорго” – деди ал.
MEGAнын башкы директору Айбек Куреңкеевдин айтымында, долбоор биздин өлкөдө мамлекеттик санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат.

“Улуттук санариптик экосистеманын платформасы катары MEGA’нын концепциясы санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана улуттук экосистеманын натыйжалуу иштеши үчүн байланышты камсыз кылууга көмөктөшүүчү бирдиктүү жана туруктуу инфраструктураны түзүү болуп саналат. Эки ири компанияны, карамагындагы ресурстары менен бириктирүү аларды ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү инновациялык чечимдер түрүндө ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн атайын сервистерди жана жекелештирилген продуктуларды иштеп чыгууда data маалыматтарды талдоонун келечегин жана потенциалын өзгөчө белгилеп кетким келет”, – деп баса белгиледи Айбек Куренкеев.
Флагмандык продукт – ишкер үчүн мобилдик тиркеме
Кызматташтыктын негизги чечими чакан жана орто бизнеске, ишкерге багытталган. Бул – РСК жана MEGA’нын өнөктөштүгүнүн башталышынын GovFinTech’ти түзүү үчүн баштапкы фокусу. Ал мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан санариптик реформалардын контексти менен, ошондой эле өлкөнүн рыногунун динамикасы менен 2024-жылга карата катталган жеке ишкерлердин саны 150 000 – шартталган. Бул ЖЧК түрүндөгү ишкердиктин өсүү динамикасынан тышкары.
Ишкер-продукттун (каттоодон тартып жеке ишкерди/ЖЧКны жоюуга чейин) негизги өнүмү – ал ишкер үчүн өнүгүп келе жаткан санариптик толук кандуу “жашоо циклдеринин” экосистемасын түзүү. Колдонмону ишке ашыруунун баштапкы этабында – бул, ачыгында, санариптик бухгалтер, мындан ары юрист, GR жана башкалар. Мунун баары бизнесмендин телефонунда болот. Мобилдик тиркемени колдонуунун артыкчылыктары – бул ишкердин негизги көйгөйлөрүн чечүү: убакыт жана акча, юрист, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн татаал жол-жоболору, бизнести жүргүзүүнүн ыңгайлуу санариптик инструменттеринин жоктугу.
Пилоттук режимде бирдиктүү биргелешкен мобилдик тиркеме 2024-жылдын башында ишке киргизилет. Компаниялар өлкөдө санариптик реформаларды ишке ашыруунун этаптарына байланган тиркеменин иштелип чыккан жол картасы (road map) жөнүндө маалымдашты. Учурда компаниялардын экосистемаларында өзүнчө чечимдер бар. Алар “бизнести салык кызматына каттоого онлайн тапшыруу”, “онлайн ККМ”, “онлайн төлөмдөр”, “БЭКны онлайн алуу” жана “онлайн банк эсебин ачуу”. Мобилдик тиркемени колдонууга берүү баштапкы жана өнүгүү этабында акысыз негизде берилет.
Долбоордук кеңсе
Кызматташуунун инновациялык мамилеси анын структурасында да байкалат. Өнөктөштүк компаниялардын биригишин камтыбайт. Менеджменттин жана башкаруунун органдары болуп Долбоордук кеңсе аныкталды.
Долбоордун негизги командасынын курамына эки компаниянын топ менеджерлери -компаниялардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары, IT, GR, юридикалык жана коммерциялык бөлүмдөрдүн директорлору кирди. Рыноктун тенденцияларын жана компаниялардын өнүгүү контекстин эске алганда, мындай бизнес-модель натыйжалуу болот деп болжолдонууда.
Компаниялардын кызматташтык долбоордук офисинин жетекчиси болуп телеком секторунда топ менеджментте, ошондой эле санариптик мамлекеттик жана донордук долбоорлордо тажрыйбасы бар санариптик трансформация жана стратегиялык коммуникациялар тармагындагы алдыңкы эксперт Татьяна Шахин дайындалды. Татьянанын 20 жылга жакын бул тармакта тажрыйбасы бар. Ал Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине караштуу «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашырууну камсыздоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү, ушул Концепциянын жол картасын иштеп чыгуучулардын бири, бүгүнкү күндө санариптик трансформация боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы санариптик өнүктүрүү боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү.
Ошондой эле, ал Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөнү санариптештирүү боюнча «Digital CASA-KR» долбоорунун эксперти. Акыркы жылдары Татьяна дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин (HBS, MIT, Carnegie Mellon University), ошондой эле Лондондогу PR мектебинин бизнес мектептеринде башкаруу программалары боюнча атайын билим алган.
Кызматташуунун бетачары
Долбоорду ишке киргизүү боюнча компаниялар ЖМК өкүлдөрү үчүн инновациялык презентацияларды өткөрүштү. Анда расмий түрдө стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюлду. Мастер-майнд сессиясында эки компаниянын долбоордук офисинин командалары массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте мобилдик өнүктүрүү, өнүмдүн аталышы, потенциалдуу демилгелер жана кызматташтыктын өсүү түйүндөрү боюнча стратегиялашты. Иш-чаранын аягында эки компаниянын жетекчилери баштапкы маалымат булактарынын негизинде кардарлар менен биргеликте санариптик дүйнөдө чечимдерди түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, долбоордун мобилдик тиркемесинин мыкты аталышына сынак жарыялашты. Сыйлык катары эмне берилет жана сынактын чоо-жайы кошумча дагы жарыяланат.
MEGA жана «РСК Банк»: жеке маалыматтар дүйнөсүнөн биргелешкен мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнө!
Потенциалдуу кызматташуу жана кайтарым байланыш үчүн – mega@rsk.kg
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз