УКМК Рыспек Акматбаевди кимдер өлтүргөнүн айтты

УКМК Рыспек Акматбаевди кимдер өлтүргөнүн айтты

2006-жылы киши колдуу болгон кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Рыспек Акматбаев 2006-жылы 10-майда Көк-Жар айылында мечиттен чыгып келе жатканда атып өлтүрүлгөн. Аны Ауди-100 унаасы менен келген белгисиз адамдар атып кетишкен. Атылган октор Акматбаевдин башына жана көкүрөк тушуна тийип, ал окуя жеринде жан берген.

УКМКнын маалыматы боюнча, ошол учурда кылмышты иликтеген укук коргоо органдарында кылмышты жалгыз бир адам жасаган деген версия болгон.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Адам өлтүрүү” (1997-жылдагы редакциясы) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок аталган кылмыштын бети ачылбай келген.

Бирок УКМК билдиргендей, алар ыкчам иштердин натыйжасында Рыспек Акматбаеди маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев, Болот Самсалиев (каймана аты “Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (каймана аты “Рэмбо”, дайынсыз жоголгон) жасаганын аныкташкан.

Маалыматка караганда, Рыспек Акматбаевди өлтүрүүгө аты аталган 4 адам тең катышмак. Бирок рулда отурган Марат Раимбеков менен кылмыштын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн Камчы Көлбаев унаада калган. Ага байланыштуу Алманбет Анапияев менен Болот Самсалиев Көлбаевдин унаадан чыгышын күтпөстөн, Рыспек Акматбаевди атып, окуя жеринен изин жашырышкан. УКМК бул фактылар Камчы Көлбаевдин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөсү боюнча аныкталганын, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын аты ачыкталбай тургандыгын белгиледи.

УКМК учурда маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен анын кылмыштуу тобу тарабынан жасалган ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо иштери жүрүп жатканын жана анын жыйынтыгы менен маалымат берилерин билдирди.

Камчы Көлбаев быйыл октябрь айында УКМКнын операциясы учурунда көз жумган

Алманбет Анапияев 2015-жылы Беларуста киши колдуу болгон

Марат Раимбеков 2007-жылы белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, азыркы күнгө чейин табыла элек. 2008-жылы аны издөө иштери токтотулган

Болот Самсалиев 2006-жылы киши колдуу болгон

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>