Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарандарды алардан батир албоого чакырды.
Тизмеде салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген.
Алардын сүрөттөрү мекеменин Фейсбук баракчасында жайгаштырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз