Бишкекте 13 жыл мурун кримтөбөлдү өлтүргөн деп «Протез» кармалды

Бишкекте 13 жыл мурун кримтөбөлдү өлтүргөн деп «Протез» кармалды

Бишкек шаарында 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2010-жылдын 12-апрелинде Ибраимов көчөсүндө кримтөбөл Максат Карасартов отурган “Мазда 626” үлгүсүндөгү унааны “Мерседес” унаасы кууп келип, белгисиз адамдар унааны аткылашкан. Карасартов октон алган жаракаттарынан ошол жерден каза болгон.

Окуя болгон жерди кароодо 7,62 мм калибриндеги гильзалар табылып, алынган. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 8 жана 16-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон (1997-ж. редакциясы). Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткан.

Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталды. Алар — Чүй облусунун 1981-жылы туулган тургуну Ш.А., каймана аты Протез, мурда бир нече жолу соттолгон, К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турат. Ал кармалып, камакка алынды. Ал ошондой эле башка оор кылмыштарды жасоого, анын ичинде Чолпон-Ата шаарынын 1955-жылы туулган тургуну Кубанычбек Коноевди өлтүргөн деп шектелүүдө.

Такталган экинчи жаран — Чүй облусунун 1981-жылы туулган Д.Ч. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Д.Ч. (ред.Чыңгыз Дөө Жумагулов) 2022-жылы июль айында СИЗО-1де өлтүрүлгөн.

Бул кылмыштардын уюштуруучусу Камчы Көлбаев болгонун ИИМ билдирди. Учурда комплекстүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>