Эмгек министрлиги миграциядан келген аялдарга колдоо көрсөтөт

Эмгек министрлиги миграциядан келген аялдарга колдоо көрсөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кайтып келген мигрант аялдардын көндүмдөрүн өнүктүрүү жана алардын бизнес-идеяларын колдоо боюнча иш-чараларды баштады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, алгач, министрликтин пилоттук аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери үчүн сурамжылоолорду (анкеталарды) өткөрүү жана талапкерлерди тандоо, аларды кыска мөөнөттүү курстарга окутуу жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга тартуу максатында окуу уюштурулду.

Бул демилгелер БУУнун миграция боюнча эл аралык уюмунун колдоосу менен «Борбордук Азиядагы миграциянын контекстинде аялдардын укуктарын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен аялуу мигранттарды коргоо» аймактык долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

«Бүгүн биз кайтып келген мигрант аялдарды колдоо боюнча күч-аракетибизди бириктиришибиз керек. Биздин жарандардын абалын жакшыртуу, алардын бакубаттуулугун жогорулатуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бардык программалар жана долбоорлор бири-бирин толуктап турушу керек. Эмгек миграциясынан кайтып келген аялдарга колдоо көрсөтүү менен биз алардын үй-бүлөсүнүн бакубаттуулугун жогорулатууга жана көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшө алабыз», — деди министрдин орун басары Жылдыз Полотова.

Министрликтин алдындагы Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 70 аялды окутат. Пилоттук аймактарга Алай, Ноокат, Баткен жана Лейлек райондору, ошондой эле Жалал-Абад шаары кирет.

Ош шаарында өткөн тренингдин жүрүшүндө долбоорду натыйжалуу илгерилетүү, натыйжаларга жетишүү, мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү четтетүү жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө боюнча сунуштар да талкууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>