Улут аралык кастыкты козутууга шектелип 20 жаштагы Э. Х. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Жаранга каршы Кара-Суу райондук ички бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Ага декабрь айында
“Тик-Ток” социалдык тармактарында тараган видео себеп болгон.
Милициянын маалыматында, видеодо Э.Х. улуттук намысты козгогон сөздөрдү айткан.