Жапаровдун өкмөтү 2 жылда 20 ири завод ачмакчы

Жапаровдун өкмөтү 2 жылда 20 ири завод ачмакчы

2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат. Бул тууралуу, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйында билдирди.

«Кыргызиндустрия» түзүлгөндөн баштап 20 ири долбоорду ишке ашырып жаткандыгы айтылат.

“972 млн сомго топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, электроника, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин ж.б.ларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз ачылды. Логистикалык жактан «Кыргызчеттранс», «Кыргыз эйр вейс», «Кыргызбакча», «Жемиш Кампа» ж.б. сыяктуу өнөр жай комплекстери иштей баштады. 2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат”, — дейт Бакыт Төрөбаев.

Аткаминер өнөр-жай ишканалырында эң аз дегенде 11 000 жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн убадалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>