Мандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмашты
Министр Стэнфорд университетине өткөн Нуркыз менен жолукту
26.12.2023 | 20:50
26-декабрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдөгү мыкты деп таанылган 5 ЖОЖдун бири Стэнфорд университетине тапшырган Нуркыз Ыдырысова менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Нуркыз Ыдырысова Стэнфорд университетинин бакалавриатына тапшырган алгачкы кыргызстандык студент болуп саналат.
Ал техникалык багытта билим алууну көздөп, ракета жана космостук объектилерди куруу боюнча инженер адистигин тандап алган.
Нуркыз Ыдырысова Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназиясында окуган, учурда Bishkek International School мектебинде билим алууда.
Белгилей кетсек, Нуркыз Ыдырысова гранттык негизде 4 жыл Стэнфорд университетинде окуйт жана окуу акысы 336 миң АКШ долларын түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар