Бишкектеги сойкуканаларга рейд. Милицияга 52 адам жеткирилди

Бишкектеги сойкуканаларга рейд. Милицияга 52 адам жеткирилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 25-декабрда райондордун акимдерин жана шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын алкагында мэр жетекчилерге РИИБ менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү жана интимдик кызмат көрсөткөн уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддерди өткөрүү тапшырмасын берди.

Алсак, рейдге төрт райондун акимдери, укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери катышты.

Ленин районунун аймагында, атап айтканда, Кулиев, Үмөталиев, Москва жана Садырбаев көчөлөрү текшерилди. Окуянын чоо-жайын тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 18 адам РИИБге жеткирилди.

Биринчи май районунда  Кулиев, Павлов жана Москва көчөлөрү текшерилди. Натыйжада 16 жаран жагдайды тактоо жана өздүгүн тактоо үчүн РИИБге жеткирилген.

Октябрь районунда төмөнкү көчөлөр текшерилди:
1. Ж.Пудовкин көчөсү;

2. Элебаев көчөсү;

3.  Карасаев көчөсү;

4. Ала-Тоо -3 чолок көчөсү;

5. Медеров көчөсү;

6. Беларусь көчөсү.

Октябрь районунун аймагында жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 80, 84, 214-беренелерине ылайык жалпы суммасы 59 000 сомдук протоколдор түзүлдү. Окуянын чоо-жайын тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 2 адам РИИБге жеткирилди.

Свердлов районунда да жагдайды тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 16 жаран РИИБге жеткирилген. Аталган факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан эки адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул иш-чаралар жакынкы күндөрү дагы уланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>