Бишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — Джаманбаева
Министр Стэнфорд университетине өткөн Нуркыз менен жолукту
26.12.2023 | 20:50
26-декабрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдөгү мыкты деп таанылган 5 ЖОЖдун бири Стэнфорд университетине тапшырган Нуркыз Ыдырысова менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Нуркыз Ыдырысова Стэнфорд университетинин бакалавриатына тапшырган алгачкы кыргызстандык студент болуп саналат.
Ал техникалык багытта билим алууну көздөп, ракета жана космостук объектилерди куруу боюнча инженер адистигин тандап алган.
Нуркыз Ыдырысова Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназиясында окуган, учурда Bishkek International School мектебинде билим алууда.
Белгилей кетсек, Нуркыз Ыдырысова гранттык негизде 4 жыл Стэнфорд университетинде окуйт жана окуу акысы 336 миң АКШ долларын түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар