Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
Бишкекте чет өлкөлүктөн 1 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды
27.12.2023 | 18:06
Бишкекте чет элдик жарандан 1 млн 10 миң сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 3-ноябрда Ж.Ч. аттуу чет өлкөлүк жаран Фучик менен Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде сомду юанга алмаштырмакчы болгон. Ж. аттуу чала тааныш адам анын 1 млн 10 миң сомун юанга алмаштырып берем деп алып, алдап кеткен. Алданып калган чет элдик 26-декабрда милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ( Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.