Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиевдин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
Ал 23-февралга чейин абакта кармалат.
Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча баңгизатты таркатуу үчүн аны жасоого шектелүүдө.
Аны УКМК октябрь айында кармаган.
Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз