Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен жаранды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен жаранды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды

Асел Ногойбаева анын кулак-мурдун кескен мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди.

Ал кылмышка шектүүнүн коом үчүн кооптуу экенин айтып, анын өзгөрөрүнөн күмөн санайт.

Асел Ногойбаеванын үй-бүлөсү Азамат Эстебесовду өмүр бою түрмөдө кармоо үчүн кол топтоодо. Петицияга бул шилтема аркылуу кошулууга болот.

Аталган кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 9-январда башталат.

Жабырлануучунун эки уулу бар. Ага бетин калыбына келтирүү үчүн Түркияда оор жана кымбат операция жасоо күтүлөт.

Эскерте кетсек, коомчулуктун үрөйүн учурган кырсык 2023-жылдын 20-сентябрында Селекция айылында болду. Азамат Эстебесов беш жыл мурда ажырашкан Асел Ногойбаеваны батирине таң эрте кирип келип,  сабап, кулагын жана мурдун кесип салган.

Азамат Эстебесов 2023-жылдын жаз айында мурдагы аялына бир нече жолу кол салып, зордуктаган. Ал беш жылга соттолуп, бирок көп өтпөй пробация менен бошотулган. Сентябрдагы окуядан кийин гана иш кайра каралып, кылмышкер 8 жылга кесилди.

«Өлсөм да, эч кимге бербейм». Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү ага кат жазган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>