Биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу боюнча бекер операция жасалды

01.02.2024 | 12:57

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөктү алмаштыруу операциясы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ал министр Алымкадыр Бейшеналиев менен 3 хирургдун катышуусунда 22 жаштагы аялга жасалды.  Маалыматка караганда, операция төрт саат болуп, алгач донордун бөйрөгү алынып, андан кийин ал бейтапка коюлду. Бейтаптын абалы туруктуу. Ал 2-3 жандыруу бөлүмүндөгү дарыгерлердин кароосунда болот.

Белгилей кетсек, быйыл Саламаттыкты сактоо министрлиги 50 жаранга бөйрөк алмаштыруу боюнча бекер операция жасамакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top