«Газпром Кыргызстан» Ошто жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүү үчүн жумуштарды аткарууда

«Газпром Кыргызстан» Ошто жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүү үчүн жумуштарды аткарууда

Республиканын түштүгүндөгү керектөөчүлөргө газдын жеткирилишинин туруктуулугун камсыздоо боюнча иштер жөнүндө маалымат.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын түштүк облустарында аба ырайынын шарттарына жана газ керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу магистралдык газ өткөргүчтөрүндө басымдын төмөндөшү байкалууда.

Оштун керектөөчүлөрү үчүн жаратылыш газынын тартыштыгынын негизги себеби болуп Өзбекстан кендеринин ресурстук базасынын төмөндөшү калууда. Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, жылдын суук мезгилинде орточо суткалык температура төмөндөгөн учурда Фергана өрөөнүндө газды керектөө кескин жогорулайт. Ош облусунун керектөөчүлөрү газ өткөргүчтөрүнүн акыркы, туюк түйүнүндө жайгашканын эске алсак, бардык категориядагы керектөөчүлөрдү жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн басымдын жетишсиздиги байкалууда.

Газ өткөргүчтөрүндө авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында, ошондой эле бюджеттик уюмдарга, көп батирлүү үйлөргө жаратылыш газын берүүнү камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен «Ошгаз» филиалы жүктөмдөр эң жогорку сааттарда отундун альтернативдүү түрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке сектордун керектөөчүлөрүнө газ берүүнү чектөөгө мажбур.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тышкы ташуучу жана өзбекстандык кесиптештер менен ташып жеткирүүнү камсыздоо жаатында активдүү иштерди улантып, кырдаалды күнү-түнү көзөмөлдөп турарын билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>