Балыкчы: Тосмо арыз окуучу кызды сүздү делген мурдагы милиция башчысын жазадан куткарабы?

Балыкчы: Тосмо арыз окуучу кызды сүздү делген мурдагы милиция башчысын жазадан куткарабы?

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында 26-январда автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп, жол кырсык болгон жерден качып кеткен. Кийин аталган унаа Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаевдин кызматтык унаасы экени аныкталган. Кырсык болгондо машинанын ичинде Осмонбаев менен анын участкалык милиция кызматында иштеген иниси Бекзат Казаков отурганы ачыкталган. Окуядан кийин аталган эки милиция кызматкери иштен алынган. Аларга кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө. Ошол эле учурда кыздын атасы тосмо арыз жазып бергени маалым. Тосмо арыз мурдагы милиция кызматкерлеринин ишин жаап коюуга жол ачып, жазадан куткарабы?

Унааны ким башкарган?

Окуя болгондон кийин алгач Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков кармалып, ал күнөөнү өзүнө алып, кырсык учурунда унааны башкарып бара жатканын айткан. Ошол эле учурда Осмонбаевдин кайсыл жакта экени белгисиз болуп, дайыны чыкпай жаткан. Мындан улам унаа сүзүп кеткен кыздын атасы коомчулукка кайрылуу жасап, кырсык болгондо унааны шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев айдап бара жатканын жана ал мас абалда болгонун билдирип чыккан.

Бул окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан кырсык боюнча УКМК менен прокуратура кылмыш ишин козгогон. 27-январда УКМК Осмонбаевди издөөгө жарыялоого да жетишкен. Бирок бул кабардын аркасынан эле ИИМ Осмонбаев кармалганын билдирген.

Учурда укук коргоо органдары кырсык болгондо унааны Бектур Осмонбаев башкарганын аныктап, ал башкы шектүү болууда. Ага Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү (жол кырсыгы боюнча), 144-беренесиин 2-бөлүгү (коркунучта калтыруу (качып кеткени үчүн) жана 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан пайдалануу) боюнча кылмыш иштери ачылган. Ал эми башында күнөөнү мойнуна алып, укук коргоо органдарын адаштырууга аракет кылганы үчүн Бекзат Казаковго 354-берене боюнча (Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу) кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен Осмонбаев тергөө аяктаганча 26-мартка чейин камакка алынса, иниси эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарылды. Тергөө иштерин УКМК жүргүзүүдө.

Тосмо арыз жардам береби?

Белгилүү болгондой, кыздын атасы эки милиционерди кечирип, тосмо арыз жазып берген. Мындан улам коомчулукта «тосмо арыздын аркасы менен эки милиционер жазадан кутулуп кетеби» деген ойлор жаралууда. Себеби мыйзамга ылайык, тосмо арыз бар болгондуктан Осмонбаевге козголгон жол кырсыгы жана окуя жеринен качып кеткени боюнча иштери кыскартылууга жатат. Ошентсе да бул жерде «бирок» деген нерсе бар. Буга чейин айтылгандай, жол кырсыгы болгондо унааны айдаган «Осмонбаев мас абалда болгон» деген сөздөр жаңырган. Эгер анын мас абалда болгону расмий түрдө далилденсе, анын иши кыскартылууга жатпайт.

Коомчулуктагы резонанстуу окуялар боюнча оюн айтып жүргөнү менен белгилүү жактоочу Шердор Абдыкарапов билдиргендей, мыйзамда мас абалда адамды сүзүп кеткен айдоочулар үчүн 312-берененин 4-бөлүгү (мас абалда жол кырсык жасаганы боюнча) каралган. Мыйзамдагы аталган 4-бөлүк мас абалда адамды сүзүп, денесине өзгөчө оор жаракат келтирген айдоочуну жоопкерчиликтен бошотууга жол бербейт.

Бирок укук коргоо органдары козгогон кылмыш ишинин беренесинде (312-берененин 2-бөлүгү) айдоочунун мас болгону тууралуу сөз жок болгондуктан, Осмонбаев 2 берене боюнча жоопкерчиликтен кутулуп кетиши толук мүмкүн. Аны менен бирге ал «кызматын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыппул түрүндөгү жазаны гана алышы ыктымал.

«Тосмо арыз жазылгандан кийин сот окуя коомчулукта резонанс жаратканына карабай ишти айла жок жапканга мажбур болот. «Кызматын кыянаттык менен пайдалануу» беренесине тосмо арыз жарабайт. Бирок ал берене боюнча айыппул берилип, чыгып кетиши мүмкүн», — дейт Абдыкарапов.

Тосмо арыз жазадан кутулуунун жолуна айланып бараткандыктан, активист Эртай Искаков мыйзамга өзгөртүү киргизип, «эгер кылмыш коомчулукка жарыя болсо, жабырлануучу тарап арызын артка алганына же тосмо арыз жазганына карабай, иш баары бир каралып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликтен кутулбайт» деген норма менен толуктоо керектигин сунуштады.

Осмонбаевдин мас абалда болуп-болбогонун аныктоо үчүн текшерүү жасалып-жасалбаганы бүдөмүк болуп жаткандыктан, бул маселе боюнча маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевге суроо узаттык. Анын айтымында, тергөө учурунда Осмонбаевдин мас абалда болуп-болбогону текшерилет.

«Тосмо арыз боюнча, иш кандай чечилери тергөөнүн жыйынтыгы менен билинет. Сөзсүз түрдө мыйзамдык баа берилет. Баланы сүзүп кеткени боюнча, ал «байкабастыктан жасалган» кылмыштын түрлөрүнө кирет. Бирок кызмат адамы сүзүп, жардам бербей кетип калганы, ичимдик ичкени боюнча маселе тергөөдө текшерилет. Азыр алдын ала айтпай турайын. Тергөө чечсин. Мыйзам боюнча сөзсүз жазасын алат. Ичимдик ичкенин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Тосмо арыз боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынат. Тосмо арыз кайсы кылмыш категорияларына колдонулат, кайсыга колдонулбай турганын билесиздер. Сабыр кылып туруңуздар, тергөөнүн жыйынтыгы менен угасыздар», — деди Зулушев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>