Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдүБыйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайганТашкентте Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын эл аралык конференциясы өттү«Дордой» базарында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Эмнелер аныкталды?Чүйдө сабизден рекорддук түшүм алынды — гектарынан 91 тоннага чейин Кыргыз-жапон кызматташтыгы: Эдил Байсалов жапониялык ишкерлер менен жолугушту
Документтерди жок кылган Базар-Коргондун архивинин башчысы кармалды
03.02.2024 | 16:10
Базар-Коргон райондук мамлекеттик архивинин башчысы Ж.К. кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ж.К. 2023-жылдын 6-июлунда архивде сакталып турган документти жок кылып, анын ордуна башканы тиркеп койгон.
Андан тышкары, архивде жок 1999-жылдын 30-мартындагы сатуу жана сатып алуу келишимди 2023-жылдын 10-октябрында көчүрмөнү мөөр менен тастыктап берген. Анын негизинде Жер ресурстар кызматынын Базар-Коргон филиалы тарабынан 20 363 000 сомго бааланган 1,5 га жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт даярдалып берилген.
Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом