Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видео
ЖЭБтеги кырсыкта жабыркагандар Түркияга которулат
03.02.2024 | 14:46
Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Голджук” ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин бейтаптарды карап чыгып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен кеңешме өткөрүштү.
Анда эки жабырлануучуну андан ары дарылоо үчүн Түркиядагы адистештирилген клиникага которуу чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, ЖЭБтеги кырсыкта жабыркаган 23жана 34 жаштагы 2 бейтаптын абалы оор. Алардын биринин денесинин 90 пайызы, экинчиси 80 пайыз күйүк алган. Жабырлануучулардын бети, мойну жана колу-буту күйгөн.
https://reporter.kg/zhebtegi-kyrsyk-zhabyrkagandar-80-pajyz-kyjyk-alyshkan/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом