Черногориянын вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келетКыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодо
Кыргызстан менен Түштүк Корея айыл чарба тармагында кызматташат
06.02.2024 | 18:52
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Мурат Раматов Түштүк Кореянын айылдык коомчулук корпорациясынын (KRC) президенти Ли Бён Хо баштаган корей делегациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Тараптар айыл чарба тармагында жашылча өндүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жашылча-жемиштерди коңшу өлкөлөргө экспорттоонун жаңы келечегин ачат.
Мындан тышкары, айыл чарбасын жана балык чарбасын суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны жакшыртуу жана коомчулуктун деңгээлинде айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар