Шантаж жолу менен кыздан акча талап кылган шектүү кармалды

Шантаж жолу менен кыздан акча талап кылган шектүү кармалды

Шантаж жолу менен акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, IT адис кыздын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу менен шантаж кылып, андан ири суммадагы акча талап кылган. Шектүү өзүнүн изин жашыруу үчүн бир нече абоненттик номерлерди колдонгон. Акча бир нече эсеп аркылуу өтүп, андан кийин гана анын колуна түшкөн.

Тергөө Бишкек шаарынын тургуну (кыз) 2024-жылдын башынан бери WhatsApp аркылуу акча талап кылган белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылгандан кийин башталган. Ал кыздан 200 миң сом талап кылган. Январдын ортосунда кыз шектүүгө 10 миң сом жөнөтүүгө жетишкен. Акча бир нече эсептер аркылуу которулганы аныкталып, 2023-жылдын декабрь айында паспортун жоготкон жарандын маалыматтары колдонулган. Сурак учурунда аталган жарандын бул ишке эч кандай тиешеси жок экени белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду. Бул ишке шектүү делип Нарын районунун 1995-жылы туулган Т.К. аттуу тургуну кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>