Челябинскте кармалган кыргыз жарандарына дагы бир иш козголду

08.02.2024 | 23:10

Челябинскиде баңгизат ташыган деген шек менен кармалган кыргызстандыктарга дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандар 2023-жылдын 28-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн “г” пункту, 228.1-беренесинин 4-бөлүгүндө (баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды ири өлчөмдө сатууга аракет кылуу) каралган кылмышка шектелип кармалган.

«Кармалган 27 адамдын үчөө Кыргызстандын жараны. Учурда тергөө амалдары жүрүп, жарандар Челябинск шаарындагы СИЗОго киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

7-февралда Орусиянын Ички иштер министрлигинин Челябинск облусу боюнча башкы башкармалыгынын жогорудагы 27 жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 1, 2-бөлүмдөрү (кылмыштуу жамаатты уюштуруу же ага катышуу) боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top