Кыргызстанда мектептерде ысык тамак берүүгө Россия 15 млн $ бөлдү

Кыргызстанда мектептерде ысык тамак берүүгө Россия 15 млн $ бөлдү

Россия өкмөтү жана Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандын мектептерде ысык тамак берүү программасын колдойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-февралда Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай менен биргеликте РФ өкмөтүнүн каржылоосу менен ысык тамак уюштурулган Чүй облусунун Кант шаарындагы №3 Ивановка башталгыч мектебине жана Д.П.Зубков атындагы №1 гимназия мектебине барышты.

2023-2026-жылдары 300гө жакын мектепке ысык тамак берүүнү колдоо программасына Россия тарап кошумча 15 млн доллар берди.

Бул демилгенин алкагында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы заманбап ашкана жабдуулары жана байытылган буудай уну менен камсыздап, инженердик баалоо жүргүзүп, мектеп жетекчилигин, мектеп ашпозчуларын окутуп, ата-энелер үчүн сергек жашоого жана туура тамактануу боюнча тренингдерди өткөрөт.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө мектептерге көркөм жана окуу адабияттарын беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>