Кыргызстанда зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерди колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачылат

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерди колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерди колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачат. Бул тууралуу мекеме жетекчисинин орун басары Жаңыл Алыбаева АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, бул Борбор Азиядагы ушундай алгачкы борбор болот жана «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт.

«Борбор ачылгандан кийин жабыр тарткан аялдар менен кыздар бардык зарыл болгон кызматтарды бир жерден ала алышат. Тактап айтканда, тергөө иш-чараларын жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча кызматтарды, ошондой эле юридикалык жана психологиялык жардам алышат», – деди Алыбаева.

Маалыматка караганда, бул долбоор БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>