Ош шаарында аталышы кыргызча жазылбаган кафе-дүкөндөрдүн жазуулары алынуудаБыйыл Кыргызстан 6 азык-түлүк менен өзүн-өзү толук камсыздай алдыУКМКнын жетекчиси Камчы Көлбаев министрлердин бирин видео чалуу аркылуу коркутканын билдирдиКара-Сууда 589 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз берилгени аныкталдыТүштүк Кореяда Дональд Трамп менен Си Цзиньпин жолуктуЖМКларда Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылууда. ИИМ бул маалыматты төгүндөдү
Бишкекте милиционер баңгизат менен кармалды
15.02.2024 | 09:40
Бишкекте милиция кызматкери ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү маалында 1-февралда Т.А. уулу, К.Б., Ж.Ы., С.Б. уулу аттуу төрт адам кармалып, аларды тинтүү учурунда ири өлчөмдөгу “нашаа” маңзаты табылып алынган. Кармалгандардын арасында милиция кызматкери бар болгон. Ал Бишкектеги кайгуул-күзөт полкунда кызмат өтөгөн (сержант).
Соттун чечими менен Т.А. уулу жана Ж.Ы. аттуу жарандар №1 тергөө абагына камакка алынган.
Министрлик билдиргендей, алар ички иштер органдарына көлөкө түшүргөн кызматкерлерден арылуу боюнча иштерди улантууда.