Жалал-Абадда 404 эне “Баатыр эне” жана “Эне даӊкы” наамын алды

Жалал-Абадда 404 эне “Баатыр эне” жана “Эне даӊкы” наамын алды

Былтыр Жалал-Абад облусунда 404 көп балауу эне “Баатыр эне” ордени жана “Эне даӊкы” медалдары менен сыйланды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Алардын ичинен 280 аял “Баатыр эне” орденин, 124 аял “Эне даӊкы” медалын алган.

Быйыл аталган орден менен медалды алууга 128 көп балалуу энелердин документтери сунушталды.

“Баатыр эне” ордени 7 же андан көп бала, ал эми “Эне даңкы” медалы 6 бала төрөп, багып, тарбиялаган энелерге тапшырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>