Жапаров: Кыргыз эли Катар жана Палестинанын боордош элдерге тилектештигин билдиретБишкекте айдоочу 5 жаштагы баланы унаанын арты менен сүзгөндөн кийин качып кеткенАдылбек Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан V менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкууладыЕАӨБ: Быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү 26,3%га кыскарды2026-жылы дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөтТойканаларда тойлор 22:00дө бүтө баштады: мыйзамдын автору эмне дейт?
Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло утту
03.03.2024 | 14:35
Кыргызстанда бильярд боюнча курама командасынын мүчөсү Дастан Лепшаков Бишкекте өтүп жаткан “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ата мекендик спортчу чейрек финалда орусиялык Артем Баловду артта калтырып, жарым финалдык беттеште ошол эле орусиялык Никита Володин аттуу спортчуга жеңилип калды. Жыйынтыгында 3-орунду ээлеп, чемпионаттын коло медалын тагынды.
Эске салсак, Бишкекте өтүп жаткан бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты 27-февралда башталган. Ал эми жыйынтыктоочу финалдык оюндар 2-мартта өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар