Бишкекте телефондук алдамчылыкка шектелип 5 курьер кармалды

Бишкекте телефондук алдамчылыкка шектелип 5 курьер кармалды

Бишкек шаарында телефон аркылуу алдамчылыкка шектелген 5 курьер кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция акыркы күндөрү телефондук алдамчылык фактылары көп катталып жатканын белгилейт.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы Telegram каналындагы топтордо жумуш издеп жүргөн жарандарга, жеке транспорт менен алектенген адамдарга, “Яндекс” таксисттерине кайрылат.

“Жарандардын жашаган жери боюнча чабарман (курьер) атын жамынып барып, акча алып,  жарандар алдамчылыктын таасири астында акчаны берсе, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын катышуучулары катары жоопко тартыласыз. Ал эми далилдердин жыйындысы болсо, «чабармандын» аракети уюшкан топко кошулуу катары каралышы мүмкүн, бул жоопкерчиликти күчөтөт”, — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>