Жалал-Абадда балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды

Жалал-Абадда балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарында облустук балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

“Жалал-Абад облусунун калкынын саны 1 миллион 300 миң адамды түзсө, алардын 48 миң 786сын 14 жашка чейинки балдар түзөт, бул калктын 33,7%ын түзөт. Бул заманбап имарат жана медициналык жабдуулар балдар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чоң жардам берет деп ишенем”, — деди министр.

Балдар ооруканасынын курулушу «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, бардык керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылынган.

Маалымат үчүн: Балдар ооруканасынын курулушу 2022-жылы башталган. Жаңы имаратта 25 койкалуу хирургиялык бөлүм, 20 койкалуу травматология бөлүмү жана кыска мөөнөттүү стационардык бөлүм бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>