№2 Баткен бир мандаттуу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент кол койду.
Шайлоо 28-апрелде өтөт.
Белгилей кетсек, БШК бул округтан шайланган депутаттар — Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевди 22-февралда өз арыздарынын негизинде мандатынан ажыраткан.