Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салындыМинистрлер кабинети 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыгын чыгарды
Баткен менен Кара-Сууда шайлоо качан өтөрү белгилүү болду
04.03.2024 | 20:30
№2 Баткен бир мандаттуу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент кол койду.
Шайлоо 28-апрелде өтөт.
Белгилей кетсек, БШК бул округтан шайланган депутаттар – Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевди 22-февралда өз арыздарынын негизинде мандатынан ажыраткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат