Кыргызстандын илим министри британ элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкууладыЖогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимндин жаңы варианттарын четке кактыТрамп Түштүк Кореядан келген товарларга импорттук тарифтерди 25%га чейин жогорулатты2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын товар жүгүртүүсү 10 млн долларга жеттиЕЭК ЕАЭБдин климаттык күн тартиби боюнча семинар өткөрдүКыргызстандык окуучулар Сочидеги биологиялык лагерге катышышты
Лицензиялык мелдеш: Боксчу Бекжигит уулу таймашты жеңиш менен баштады
05.03.2024 | 09:35
Кыргызстандык боксчу Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) Италиядагы Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдеште алгачкы беттешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу спорттук кабарчы Тахир Гафуров билдирди.
Өмүрбек Бекжигит уулу 1/32 финалдагы биринчи таймашында грузиялык Георгий Гуцаев менен кез келген. Калыстардын чечими менен жеңиш Бекжигит уулуга берилген. Эми 1/16 финалдагы беттеште ал таиланддык Верапон Жонжохо менен күч сынашат. Ал 8-мартта өтөт.
Белгилей кетсек, бул лицензиялык мелдеште эркектер арасындагы таймашта мушкерлерге ар бир салмакта Олимпиадага төрттөн жолдомо берилет. Лицензияны жарым финалга өткөн 4 спортчу алат.