«Табигый процесс». Мэрия жолдогу чуңкурлар боюнча даттанууга жооп берди (фото)

«Табигый процесс». Мэрия жолдогу чуңкурлар боюнча даттанууга жооп берди (фото)

Социалдык тармакта шаардыктар кар менен кошо эрип кеткен Бишкектин жолдоруна арызданып, чуңкурлардын сүрөтүн жарыялоодо.

Бишкек шаарынын мэриясынын билдирүүсүндө, талкаланган жолдорго шаардыктардан көп даттануулар түшүүдө. Мэрия жолдордо аң-чөнөктөрдүн пайда болушу табигый процесс экенин бейлгилейт.

«Ал аба ырайынын өзгөрүшүнө, транспорттун интенсивдүү кыймылына байланыштуу. Жолдордогу оюлган чуңкурлар көбүнчө эксплуатация мөөнөтү аяктаган эски жолдордо болууда», — дейт муниципалитет.

Мэриянын айтымында, аба ырайы турукташканда ишкананын кызматкерлери шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоого киришет. Айрымдарын толугу менен асфальттоо пландалууда.

Азырынча тешиктерди убактылуу жамоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>