Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Саламаттыкты сактоо министрлиги: балдарга орозо кармоо сунушталбайт
15.03.2024 | 15:02
Дарыгерлер балдардын орозо кармашын колдобойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Аида Алимбекова билдирди.
Анын айтымында, өсүп келе жаткан организм үчүн тамактанууну чектөө ар кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал.
“Балдардын орозо кармап, эртеден кечке ачка жүргөнүн туура эмес. Алар түрдөп тамактанышы керек. Эгер бала орозо кармап жаткан болсо анда бул ата-эненин жоопкерчилигинде. Чоңдор үчүн атайын кеңештер бар. Мисалы күндүз суусабаш үчүн туздуу жана таттуудан баш тарткан оң. Кечинде бат сиңирүү үчүн жеңил тамак, эртең менен күчтүүрөөк азыктанган туура. Тамак-аш дагы ар түрлүү болушу керек”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, Рамазан айы 11-марттан башталды, ал 30 күнгө созулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом