Жаңы футболдук стадион боз үйдүн формасында салынат

Жаңы футболдук стадион боз үйдүн формасында салынат

Бишкектин четинде курула турган футболдук стадион боз үйдүн формасында салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Туманбаевдин айтымында, стадиондун долбоору белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте даярдалды. Курулуш иштери жакында башталат.

Ал билдиргендей, президент Садыр Жапаров стадионду 45 миң орунга ылайыктап салууну тапшырган.

«Анын долбоорлоо жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдынкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз», — деп жазды ал.

Анын айтымында, стадиондун курулушу УКМКнын төрагасы, Кыргызстандын футбол бирикмесинин президенти Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүндө турат.

Эскерте кетсек, буга чейин футболдук стадионду курууга Сокулук районунун Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнгөнү кабарланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>