Коргоо министрлигинде кадрдык өзгөртүүлөр болдуСауд өнүктүрүү фонду Чүй менен Бишкекке мектептерди салуу үчүн кредит беретПрезиденттин иш башкаруучусунун орун басары алмаштыСадыр Жапаров: Россия менен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөр барАйсулуунун өлүмүнө шектүү адам Камила Дүйшөбаева ишине да тиешеси барбы?Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту
Зыяратчыларды Меккеге 20 дарыгер коштоп барат
15.03.2024 | 18:30
2024-жылкы ажыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Анда муфтий Абдулазиз кары Закиров дарыгерлерге ажылык сапарда кызмат кылуунун артыкчылыктарын айтып берди.
«Дүйнөнүн төрт бурчунан мусулмандар ажылык үчүн ыйык жайларга агылат. Ислам маданиятында ыйык саналган Мекке, Медина шаарлары, Нур тоосу, Арафат өрөөнү болобу, баары ошол Куран түшкөн ыйык жерлерде экен. Алла Таала өзү сүйгөн пенделерин ажылыкка чакырары маалым. Сиздер 7 миллион элибиздин ичинен тандалып, ажылыкка аттанып жатканыңыздар кокустук эмес. Ажылыкка, ажыларга кызмат кылуу улуу жакшылык», – деп билдирди муфтий.
Эскерте кетсек, ажыларга кызмат кылуучу 20 врач саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом