Депутат: Токтогул ГЭСинде авария болгондон көрө, жарыкты 10 сааттан өчүргүлө (видео)

Депутат: Токтогул ГЭСинде авария болгондон көрө, жарыкты 10 сааттан өчүргүлө (видео)

Токтогул ГЭСинде авария болгончо, керек болсо, жарыкты 10 сааттан өчүрүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Ишеним» фракциясынын жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.

Депутат учурда Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткенин айтып, ал сууктан чыгууга жетер-жетпесине кызыкты.

«Кудай сактасын, Токтогул ГЭСиндеги суубуз жетсин. Канча күнгө жетерин билбейм. Бүгүнкүдөй суунун көлөмүнүн аздыгы Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Туурабы?», — деп суроо салды Ормонов.

Суроого жыйынга катышкан энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев жооп берип, буга чейин суунун көлөмү өтө азайып кеткен жылдар болгонун айтты. Ал 2010-жылга чейин суунун көлөмү 6,5 млрд куб метрге чейин түшкөнүн билдирди.

«Бүгүнкү күнү 7,3 млрд куб метр суу бар. Биздин эсеп боюнча 7 млрд куб метрден ылдыйлабайт. Азыр күн жылыса, импорттук (электр энергияны сырттан алуу боюнча – ред.) келишимдер иштей баштайт», — деген Байгазиев сырттан келген электр энергиянын жардамы менен Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн өтө азайтпай кармап каларын билдирди.

Андан кийин Ормонов сөзүн улап, Токтогул ГЭСинде авария болгондон көрө, элдин үйүндөгү жарыкты 10 сааттан болсо да өчүрүү керектигин айтты.

«Токтогул ГЭСинде авария болуп, ишин токтотуп койгондон көрө, элге ачык айтып, керек болсо, жарыкты 10 сааттан өчүргүлө. Жаап-жашырып отурбагыла. Күн жылыса деген сайын суук түшүп жатат», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>