Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Москвадагы теракттан кийин ТИМ мигранттарды этият болууга чакырды
26.03.2024 | 09:15
Москва шаарындагы “Крокус сити холл” концерттик залындагы окуядан кийин Россиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеме жарандарды жүйөлүү негизи жок Россияга баруудан баш тартууга чакырат. Сапарга чыгар алдында ал өлкөгө кирүүгө чектөө бары-жоктугун текшерип алууну сунуштайт.
Россияда массалык элдер топтолгон жайларга барбай, жанында өздүгүн тактоочу материалдарды алып жүрүү зарылдыгы белгиленет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом