Соода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүнБыйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачатКыргызстанда президенттик шайлоо качан жарыяланарын Дастан Бекешев айтып берди
Бүгүн Бишкекте футбол болот, эки көчө убактылуу жабылат
26.03.2024 | 09:25
Бүгүн, 26-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Кытайлык Тайбейдин футбол курамаларынын беттеши өтө тургандыктан, эки көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00 башталат. Ага байланыштуу саат 14:00дон баштап оюн бүткөнгө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки жана Фрунзе көчөсүнүн Манастан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүктөрү унаалар үчүн жабык болот.
Кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин, маданияттуулукту сактоого, аталган көчөлөрдүн жабыла турганына байланыштуу жүрө турган маршрутун алдын ала белгилеп алууга чакырат.
