Киши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалдыШайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдүЭмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттууракСадыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даярОоганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдүБыйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайган
Суучул Денис Петрашов АКШдагы студенттик лигада коло байге утту
30.03.2024 | 17:09
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы АСС Сhampionship студенттер лигасында коло медалга ээ болду.
Atlantic Coast Conference – бул NCAA I дивизионунун бир бөлүгү болгон Кошмо Штаттардагы колледж лигасы. Учурда конференцияда спорттун 25 түрү боюнча күч сынашкан 15 университеттин командасы бар.
Сууда сүзүү боюнча мелдештин кийинки этабы 27-мартта Индианаполис шаарында (Индиана) башталды.
Луисвилл университетинин атынан чыккан Петрашов 100 метр аралыкка сүзүүдө 50,91 секунд көрсөткүч менен 3-орунду ээледи. Былтыр бул аралыкта кыргызстандык суучул 3-орунду алган.
Февраль айында Петрашов 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт