Жол коопсуздугун камсыздаган инспекторлор эми протоколдорду электрондук түрдө түзө башташатКыргызстандык кургатылган жемиш өндүрүүчүлөр Арменияда тажрыйба топтоштуАпам тирүү деп ойлойм. “Жеңиш” чокусунда калган альпинисттин уулу жардам сурадыБишкекте медициналык шаарча курулуп, мамлекеттик ооруканалар көчүрүлөтКыргызстандык делегация «Краснодар» футбол клубунун ишмердүүлүгү менен таанышыштыТүркиянын кино жылдыздары Бишкекке келет
Бишкекте 500дөй айдоочу менен жүргүнчүгө ооз ачар уюштурулду (видео)
01.04.2024 | 10:10
Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар менен жүргүнчүлөргө ооз ачар уюштурду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Ооз ачарга Бишкектеги Батыш автобекетинен өлкөнүн жети дубанына эл ташыган, Өзбекстан менен Казакстанга жана башка эл аралык багыттар боюнча каттаган айдоочулар менен жолго чыккан жүргүнчүлөр катышты.
Дасторкон үстүндөгү баарлашуу учурунда айдоочуларга жол эрежесин сактоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буклеттер таратылды. Өз кезегинде айдоочулар каттамга чыкканда туш болгон көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом