Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Айгүл Жапарова Ак-Суу районунда миңден ашык балага кийим жана бут кийим тапшырды
02.04.2024 | 10:00
Айгүл Жапарованын “Эне – балага тирек” коомдук фонду Ак-Суу районунун 1 миң 100дөн ашык балага кийим-кече жана бут кийим тапшырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматында, жардамды тоголок жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары алышты.
“Айрымдар дароо кийип алышты. Айрыкча спорттук бут кийимдер өзгөчө кубаныч тартуулады”, – министрлик.
Буга чейин да бут кийим түрүндө мындай жардамды Министрликтин 17 социалдык стационардык мекемелерине берилген. Аларда 2,3 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Айгүл Жапарова “Үмүт булагы” фонду түзгөндүгү кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом