Шаардык жана облустук милициялардын башчылары алмашты

Шаардык жана облустук милициялардын башчылары алмашты

ИИМдин буйругу менен өлкөнүн шаардык жана облустук милицияларында жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Буйрукка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов кызматынан бошотулуп, Чүй облустук милициясынын башчысы болду.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп Улан Айтбаев дайындалды. Ал буга чейин орун басарлык кызматты ээлеп келген.

Ош шаардык милициянын башчысы Марлис Асанов кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилигине дайындалды.

Чүй облустук милициянын башчысы Дамирбек Исаков кызматтан бошотулуп, Ош шаардык милициясынын башчысы болду.

Ошондой эле Бишкектин Свердлов райондук милициясынын башчысы Азамат Байгазиев кызмат ордунан бошотулуп, Ленин райондук милициянын башчысы кызматына дайындалды.

«Жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат. Алардын алдында бир топ аткарыла турган иштер турат, жаңы жетекчилер коомдук тартипти сактоого, кылмыштулуук менен күрөшүүдө  жана ыкчам тапшырмаларды аткарууга жаңыча мамиле жасоолору керек», — деп билдирет ИИМ.

Жалал-Абаддагы резонанстуу окуя. Милиция башчысы менен орун басары кызматтан алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>