«100 миллиард сомго жетет». Ташиев УКМК канча акча таап жатканын айтты

«100 миллиард сомго жетет». Ташиев УКМК канча акча таап жатканын айтты

Акыркы 3 жылда коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик бюджетке накталай 40 миллиард сом түштү. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев “7-канал” телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жалпы сумма 100 миллиард сомго жетет.

“Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт”, — дейт ал.

УКМКнын төрагасы коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында ким, канча акчаны мамлекетке төккөнүн ачык жарыялоону убадалады.

«Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат»- дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем!», — дейт ал.

Белгилей кетсек, УКМК уюшкан кылмштуу топ менен күрөштүн алкагында мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрдү конфискациялоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>