11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — Абдыров
Айсулуу Тыныбекова кыл чайнашкан беттеште жеңишке жетип, Азиянын 6 жолку чемпиону болду (видео)
14.04.2024 | 19:40
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде алтын байге утту.
Финалда Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, кыл чайнашка беттеште аны 9:6 эсебинде жеңди.
Бишкектеги мелдештеги жеңиши менен Айсулуу Тыныбекова Азиянын 6 жолку чемпиону болду. Буга чейин ал Азия биринчилигинде 5 ирет алтын тагынган, ошондой эле 3 жолу күмүш жана 2 ирет коло байге уткан.