АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкектин айрым жерлеринде 16-апрелде таза суу жок болот
14.04.2024 | 17:51
Бишкекте 16-апрелде айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Таза суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
– Алыкулов көч. – БЧК – Ала-Арча-р. Л.Толстой көч;
– Юбилейный көч – Горький көч (Пригородный айылы) – Садовой көч. (Пригородный айылы) – БЧК;
– “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110 кичирайон, Достук.
Белгилей кетсек, “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар