Бооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштады
Ошто тургунду 35 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды
15.04.2024 | 10:39
Ош облусунда алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
59 жаштагы М.Н. аттуу шектүү 12-апрелде кармалган. Ал буга чейин облус тургунун курулуш материалдарын алып келип берем деп 35 миң доллар алып, алдап кеткен деп издөөгө алынган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары уланууда.