Дипломаттын үйүндөгү текшерүү. Кыргызстан орус ИИМинин билдирүүсүн сындады

Дипломаттын үйүндөгү текшерүү. Кыргызстан орус ИИМинин билдирүүсүн сындады

Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Ирина Волк полиция кызматкерлеринин Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнө кирип барганын четке какты.

Анын айтымында, Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тинтүү жүрүп, Манас Жолдошбековдун аялы документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан.

Волктун айтымында, полиция кызматкерлери үйгө кирип, дипломаттын үй-бүлөсүнө физикалык жана психолигиялык кысым көрсөткөн эмес.

Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министри жооп берип, кызматтык иликтөө бүткөнчө бирөөнү айыптоодон алыс болууга чакырды.

“Бул билдирүү батирдин ичиндеги аял менен балдары өздөрү окуяга күнөөлүү дегендей пикир жаратат. Бул логикага сыйбайт”, — дейт ТИМ.

Мекеме Орусиядан полиция кызматкерлеринин төшүндөгү камерадагы видео жана Кыргызстандын элчилиги тарабынан берилген фото материалдын негизинде териштирүү чыгарууга чакырды.

Москвада полиция кыргыз элчисинин кеңешчисинин үйүнүн эшигин бузуп киришкен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>